Кыран - Кумучакос жолугушуусу

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран Греция миграция саясаттарынан жооптуу жарандарды коргоо министринин өкүлү Йоргос Кумучакос менен жолугушту.

1281970
Кыран  - Кумучакос жолугушуусу

 Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран Греция миграция саясаттарынан жооптуу жарандарды коргоо министринин өкүлү Йоргос Кумучакос менен жолугушту.

Министрликте өткөн делегациялар аралык жолугушууда эки өлкөнүн маселелеринин бири болгон иретсиз миграция кыймылдарына байланыштуу актуалдуу абалдар каралды.

Кыран Грецияда курулган жаңы өкмөттөн кийин бул өлкөдөн Түркияга жасалган алгачкы жогорку деңгээлдеги жолугушууну аткарган Кумучакос менен 18 -  Март макулдашуусу жана иретсиз миграция менен күрөшүү боюнча чараларды карап чыгышты.

Түркиянын 18 -  Март Макулдашуусунун милдеттерин кемчиликсиз аткаргандыгын баса белгилеген Кыран Европа Биримдигинин да бул тууралуу ошол эле жоопкерчиликти көрсөтүүсү керектигин белгиледи.

Кыран өзгөчө виза эркиндиги, Түркия менен жаңы сүйлөшүү темаларынын ачылышы жана финансылоо процесстеринин ылдамдатылышы тууралуу Европа Биримдигинин өзүнө түшкөн милдетти аткарышы керектигин баса белгиледи.

Лесбос аралындагы Мориа лагеринде чыккан өрттөн кийин грек министрлер кеңешинин 10 миң качкынды Түркияга тапшыруу чечимине карата Анкаранын мамилесин билдирген Кыран Эдирнеден кургатык жол менен Грецияга баруу үчүн жолго чыгып кармалган качкын санынын артуусуна карата эки өлкөнүн ортосунда дагы активдүү кызматташуунун түзүлүшү керектигине көңүлдөрдү бурду.

Кыран Кумучакос менен жолугушуусунда 2016 -  жылы 15 -  июлдагы Фетуллахчы террордук уюмдун сокку кыймылынан кийин Грецияга качкан ФЕТӨ мүчөлөрүнүн Түркияга тапшырылышында Анкаранын күтүүлөрүн да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар