Орустар Түркияны сүйүшөт

Мугланын Бодрум районунда Орусия маданият күндөрүнүн бешинчиси өткөрүлдү.

1279756
Орустар Түркияны сүйүшөт

Деңизи, куму жана күнү менен адамды өзүнө тарткан, байыркы шаары менен тарыхка саякатка жетелеген, теңдеши жок булуңдары, үңкүрлөрү, каньон жана  шаркыратмалары менен өзүнө тарткан Түркия өзгөчө орусиялык туристтер тандаган өлкөлөрдүн арасында орун алды.

Эс алуу үчүн көпчүлүк учурда Түркияны тандаган орустар меймандостугу, керек болсо эс алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү сунушташы менен Түркияны абдан жактырышат. Эки өлкөнүн ортосундагы байланышты күчтөндүрүү үчүн түрдүү иш чаралар уюштурулууда.

Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерхов Мугланын Бодрум районунда бул жылы бешинчиси өткөрүлгөн Орусия маданият күндөрү иш чараларында маалымат берип, бул иш чаранын туризм үчүн өзүнчө бир маанисинин бар экендигин айтты. Алексей Ерхов : «Туризм жамаатынын алдыңкылары өз араларында диалог курууга, карым  - катнаштарды улантууга жана кеңешүү мүмкүнчүлүктөрүнө жетишүүдө. Келечек үчүн орток максаттар. Орусия жарандары Түркияны абдан сүйүшөт. Түркияны сүйбөй коюу мүмкүн эмес»,- деди.

Орусиялык туризм инвестору Сергей Клюев да Орусия жарандарынын арасында Түркиянын абдан сүйүлгөндүгүн айтты. Клюев : «Орустар Түркияга келип эс алышууда. Бодрумдун концепти башка. Максат Бодрумга бай Орусия жарандарын алып келүү. Түркия менен Бодрумда коопсуздук жогорку деңгээлде. Түркияда өзүбүздү коопсуз сезебиз»,- деди.



Тектеш кабарлар