Эрдоган:«Түркия саудиялык журналист Жамал Хашогги кылмышын ачыкка чыгаруу иштерин улантат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Американын «The Вашингтон пост» гезитине макала жазды.

1279008
Эрдоган:«Түркия саудиялык журналист Жамал Хашогги кылмышын ачыкка чыгаруу иштерин улантат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын саудиялык журналист Жемал Кашыкчы (Жамал Хашогги) кылмышын ачыкка чыгаруу иштерин уланта турганын билдирди.

Эрдоган, Американын «The Вашингтон пост» гезитине макала жазды.

Макаласында бул гезитке макала жазып жүргөн Хашоггинин 2018-жылдын 2-октябрында өлкөсүнүн Стамбулдагы Башкы консулдугунда киши колдуу болушуна токтолгон Эрдоган: «Хашоггинин киши колдуу болушу 11-сентбярдагы террордук кыймылдарды эсепке албасак, 21-кылымдын эң чоң жана талаштуу окуясы борлушу мүмкүн. Ал эмес 11-сентябрдан бери эч бир окуя, эл аралык тартипти ушунчалык коркуткан эмес, дүйнө кабыл алган эрежелерди мынчалык бузган эмес»,-деди.

Эрдоган: «Арадан бир жыл өткөнүнө карабастан кылмыш тууралуу билгендерибиздин дагы деле чектелүү болушу болсо эл аралык коомчулуктун атайын токтолушу керек болгон капага салуучу чындык. Саудиялык журналисттин өлүмүнүн бардык жактары менен ачыкка чыгарылып чыгарылбай турганы, балдарыбыздын кандай дүйнөдө жашай турганын белгилейт»,деген серебин салды.

Түркиянын алгачкы күндөн тарта бул темада толук ачыктык саясатын жүргүзгөнүнө басым жасаган Эрдоган: «Артка калтырган бир жылдык мезгилде чалгындоо жана коопсуздук уюмдарыбыз менен дипломаттарыбыз жана прокурорлорубуз, маселенин байкоочусу катары кесиптештери менен кызматташтык кылып, улуттук жана эл аралык коомдук пикирди маалыматтандыруу үчүн керектүү кадамдарды ташташты»,-деди.

Хашоггини мыкаачылык менен өлтүргөн банда менен падыша Салман бин Абдүлазиз жана Сауд Арабия калкынын ортосунда ачык жана так айырманы байкагандарын айткан Эрдоган: «Бир тараптан байыркы достугубуз чындыктарды айтуубузга тоскоол болбойт. Ошондуктан дос ачуу айтат»,-деп кесе айтты.

Эрдоган, адилеттиктин улуттук жана эл аралык соттор аркылуу ишке аша турганына ишенгенин белгилеп, «Процесстин ачыктыктан алыс түрдө башкарылышы, сот сурактарынын жабык эшик артында өткөрүлүшү жана шектүүлөрдүн расмий эмес түрдө эркин кое берилгени айтымдары, эл аралык коомчулуктун күтүүлөрүн тебелегени сыяктуу Сауд Арабиянын имиджине терс таасир тийгизет. Сауд Арабиянын дос жана шериктеши катары муну эч качан каалабайбыз»,деген кеңешин жазды.

Эрдоган Түркия катары алдыбыздагы мезгилде Хашогги кылмышынын ачыкка чыгарылышы үчүн иш-аракеттерин уланта турганын белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар