Вице - президент Фуат Октай Азербайжанда

Вице  - президент Фуат Октай Түркия жана Азербайжандын ортосундагы соода көлөмүн дагы да чоңойтууну максат кылышкандарын айтты.

1270196
Вице  - президент Фуат Октай Азербайжанда

 Вице  - президент Фуат Октай Түркия жана Азербайжандын ортосундагы соода көлөмүн дагы да чоңойтууну максат кылышкандарын айтты.

Фуат Октай Түркия  - Азербайжан 8 -  Биргелешкен Экономикалык Комиссия жыйыны үчүн кечээ Азербайжандын борбор шаары Бакуга барды. Фуат Октай Түркиянын Бакудагы элчилигинде Азербайжанда иш алып барган түрк ишкерлер менен жолугушту.

Октай бул жерде сүйлгөн сөзүндө : «Президентибиз урматтуу Р. Т. Эрдоган менен Азербайжандын президенти урматтуу Илхам Алиев жарыялаган маанилүү бир максат бар. 15 миллиард доллардык соода максаты. Бул максат 2023 -  жылдын максаты деп белгиленди. Биз буга бир гана өз соода көлөмүбүздү өнүктүрүү катары карабайыз. Ошол эле учурда Азербайжан менен Түркиянын соода көлөмүн дагы да алдыга жылдырылышы жана соода көлөмүнүн чоңойтулушу менен байланыштуу. Азербайжандын 23 – 24  миллиард доллар болгон соода көлөмүнүн эки эсеге чыгышы эң чоң каалообуз»,- деди.

Октай жолугушууларынын негизинде бүгүн биринчи болуп Азербайжандын маркум президенти Гейдер Алиевдин Фахри Хыябан мамлекеттик көрүстөнүндөгү мазарын зыярат кылды. Гейдер Алиевдин мазарына гүл чамбар койгон Октай андан кийин 20 -  Январь Шейиттери да болгон Баку Шейиттер Хыябанындагы «Өчпөс от» эстелигине гүл чамбар коюп дуа кылды.

Андан кийин Баку Түрк Шейиттигине барган Октай бул жердеги эчтеликке гүл чамбар коюп эстелик дептерине кол тамгасын калтырды. Октай эстелик дептерине буларды жазды : «Түрк улуту үчүн жанын берген шейиттерибиз бул элдин каарман балдары. Бакунун курулушунун 101 -  жылын чоң сыймык жана кубаныч менен белгилеп жаткан бул күндөрдө  сиздердин алдыңыздарда болуудан бактылуумун. Бир тууган Азербайжандын күрөшү жана бул ыйык мекендин көз карандысыздыгы үчүн жаныңыздарды аябастан каармандыкка кол койдуңуздар. Көрсөткөн каармандык жана ишеничиңиздерди ыраазычылык менен эскерип жатабыз. Бекем ишеничиңиздер байланыштарыбыздын жана бир туугандыгыбыздын бекемделишинде бүгүн да күпөрө милдетин аткарууда. Бизге калтырган баалуулуктарды дагы да өнүктүрүү үчүн болгон күчүбүз менен иштеп жатабыз. Элесиңиздерди урмат сый менен эскеребиз».

Октай андан кийин шейит мазарларына гвоздика таштады.



Тектеш кабарлар