Сирияда эми эң чоң коркунуч ДЕАШ эмес, жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК...

Президент Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Рухани болуп борбор шаар Анкарада Чанкая сарайында уюштурулган Түркия-Орусия-Иран Үчтүк Саммитинен кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

1270617
Сирияда эми эң чоң коркунуч ДЕАШ эмес, жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда эми эң чоң коркунучтун ДЕАШ эмес, жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК болгонун айтты.

Президент Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Рухани болуп борбор шаар Анкарада Чанкая сарайында уюштурулган Түркия-Орусия-Иран Үчтүк Саммитинен кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

Эрдоган сөзүндө Үчтүк саммитте Сирияда саясий чечүүчү жол үмүттөрүн жандыра турган маанилүү чечимдерди чыгаргандарына көңүл бурду.

ДЕАШ менен күрөшүү шылтоосу менен террордук уюмдарга колдоо көрсөтүүнүн кечирилгис экендигин баса белгилегендерин айткан Эрдоган: «Сириянын ырааттуулугу үчүн эң чоң коркунучтун булагы ПКК жана анын уландысы болгон ЙПГ/ПЙД/ПКК болуп саналат»,-деди.

Эрдоган: «Бул өлкөдө ЙПГ/ПЙД/ПККнын турушу  улана берсе Сирия дагы, аймагыбыз дагы тынчтыкка жете албайт. Үчтүк Саммит жыйналышында Сирия чек арабызды бойлой террордук түзүмгө макул болбой турганыбызды айттым»,-деп айтты.

Акыркы максатыбыздын Сириянын түндүгүндө тынчтык тилкесин куруп, өлкөнүн бөлүнүүсүнө бөгөт коюу экендигине шилтеме кылган Эрдоган: «Евфрат дарыясынын чыгыш жагындагы тынчтык тилкеси качкындар үчүн да коопсуз порт болот. Өлкөбүзгө баш калкалаган эң аз 2 миллион сириялык тууганыбыздын бул жерге жайгаштырыла ала турганын ойлоодобуз. Артка кайта турган сириялыктар үчүн жаңы отурукташуу аянттары курулуусу мүмкүн. Түркия катары бул темада  бардык жоопкерчиликти алууга даярбыз. Орусия жана Иран менен жана ошондой эле эл аралык коомчулуктун берки мүчөлөрү менен сириялык качкындардын ыктыярдуу артка кайтышы үчүн иштөөнү каалайбыз»,-деди.

Ирандын президенти Хасан Рухани болсо, АКШнын Сирияда террористтерди багып жатканын белгилеп, «АКШ Сирияны бөлүүгө аракет кылды. Бул кабыл алынгыс»,-деди.

Орусиянын президенти Владимир Путин да, кабыл алышкан билдирүүдө Сирияда туруктуу тынчтыкты түзүү үчүн беренелер орун алганын белгилеп, «Эми конституция комитети иштей баштоосу керек. Сириянын эми экономикалык жана социалдык рестоврация процесси башталды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар