Түркия менен Куба медицина тармагында кызматташууда

Эки өлкөнүн ортосунда келишимге кол коюлду.

1268826
Түркия менен Куба медицина тармагында кызматташууда

Түркиянын Дары-дармек жана медициналык аппараттар мекемеси (TİTCK) менен Кубанын Мамлекеттик дары-дармек жана медициналык аппараттарды көзөмөлдөө борборунун (CECMED) ортосунда натыйжалуу жана жогорку сапаттагы шаймандарга жетүүнүн камсыздалышы максатында макулдашуу меморандумуна кол коюлду.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, макулдашуу меморандумуна байланыштуу жазуу түрүндөгү маалыматында, министрликтердин негизги стратегиялык максаттарынын бири болгон өз мүмкүнчүлүктөр менен өндүрүү темасында эл аралык кызматташууну арттырууну улантып жаткандарын билдирди.

Ушул максаттын алкагында ташталган кадамдарга дагы бир жаңысынын кошулганын айткан Кожа, TİTCK менен CECMED ортосунда макулдашуу меморандумуна кол коюлганын билдирди.

Министр Кожа, бул келишимдин негизинде эки өлкөнүн ортосундагы таасирдүү кызматташуу каналынын курулуусу жана эки коомчулуктун ишенимдүү, натыйжалуу, сапаттуу медициналык дары-дармектер менен аппараттарга жетүүсүнүн камсыздалышы максатталганын айтты.  

Кожа: «Макулдашуу меморандуму өзгөчө инновациялык молекула иштеп чыгуу жана онкологиялык изилдөөлөрдө маанилүү тажрыйбага эгедер Куба менен эки тараптуу адистерди алмашуу, технологияларды өткөрүп берүү, ракка каршы вакциналар жана клиникалык изилдөөлөр темасында маалымат бөлүшүү, мыйзам чыгаруу жааатында тажрыйба алмашуу сыяктуу темаларды да камтууда. Куба менен кол коюлган келишимдин саламаттык сактоо тармагына жана соода тармагындагы карым-катнаштарыбызга да салым кошооруна ишенемин жана пайдалуу болушун тилеймин»,-деди.



Тектеш кабарлар