Диярбакырда энелердин отуруу митингине кошулуу улантылууда

Отуруу митингин улантып жаткан энелер тоого качырылган балдарынын кайтып келишин талап кылышууда.

1266171
Диярбакырда энелердин отуруу митингине кошулуу улантылууда

ПКК террордук уюм тарабынан балдары тоого качырылган энелердин Диярбакырдагы отуруу митингине кошулган үй  - бүлө саны 17ге жетти.

Отуруу митингин улантып жаткан энелер тоого качырылган балдарынын кайтып келишин талап кылышууда.

Митингге чыккан үй  - бүлөлөрдүн саны күн өткөн сайын өсүп, аларга берилген колдоо да улантылууда.

Аймакта жашаган калк жана башка көп сандаган киши үй  - бүлөлөргө тамак – аш алып келүүдө.

Диярбакырда Хажире Акар ПКК жикчил террордук уюм тарабынан тоого качырылган уулу Мехмет Акар үчүн 22 -  августта отуруу митингин баштаган.

Уулун террордон куткаруу үчүн баштаган отуруу митинги жыйынтык берген эне Акар чечкиндүү күрөшү менен 24 -  августта уулун тапкан.



Тектеш кабарлар