Диярбакырда энелердин отуруу кыймылына кошулуу улантылууда
4 күндүк кыймылдын акырында уулун террористтерден алган эне Хажире Акар менен башталган митингге кошулган киши саны өсүүдө.
ПКК жикчил террордук уюму тоого качырган уулун табуу үчүн отуруу кыймылын баштаган жана 4 күндүк кыймылдын акырында уулун террористтерден алган эне Хажире Акар менен башталган митингге кошулган киши саны өсүүдө.
ПКК тарабынан балдары тоого качырылган энелердин отуруу кыймылына катышкан үй - бүлө саны 11ге жетти.
Эне Айсел Коюн уулу Нешат Коюндун 4 жыл 7 ай 21 күн мурда качырылгандыгын айтып, Элдердин демократиялык партиясынын Диярбакыр облустук башкармалыгынын имаратынын алдында отуруу кыймылына катышты.
Үй - бүлөлөр балдарынын тоого качырылышында HDPтин арачы болгондугун айтышты. Отуруу кыймылын улантып жаткан энелер HDPке каршы экендерин айтышып, тоого качырылган балдарынын кайтып келишин каалап жатышат.
HDP имаратынын алдында отуруу кыймылына чыккан үй - бүлөлөрдүн саны күн өткөн сайын көбөйүп, аларды колдоо да улантылууда. Аймакта жашаган көп сандаган киши үй - бүлөлөргө тамак - аш алеп келүүдө.
Тектеш кабарлар
Чамлыжа мунарасын 1 миллион 800 миң киши кыдырды
Мунаранын ар башка бөлүмдөрүндө атайын күндөр да болгон бир топ иш - чаралар өткөрүлүүдө.
Министр Фидан Испанияда
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Европа өлкөлөрүн Палестинаны мамлекет катары таанууга чакырды.