Октай-Пенс жолугушуусу

Фуат Октай кечээ Майк Пенс менен жолугушту.

1262012
Октай-Пенс жолугушуусу

Вице-президент Фуат Октай кечээ АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен жолугушту.

Польшанын президенти Анджей Дуда Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышынын 80 жылдыгын эскерүү аземине катышкан лидерлердин урматына сый тамак берди. Ага вице-президент Фуат Октай да катышты. Сый тамакта АКШнын вице-президенти Пенс менен жолуккан Октай, АКШнын Техас штатында болгон куралдуу кол салууда каза тапкандарга байланыштуу Пенске көңүл айтты.

Октай менен Пенс Түркия-АКШ карым-катнаштары менен катар аймактык темаларда да пикир алмашышты.



Тектеш кабарлар