«Кыран» операциясы уланып жатат

Үч аймак террористтерден тазаланууда.

1255803
«Кыран» операциясы уланып жатат

 

Жандармерия башкы командири армия генералы Ариф Четин, жикчил террордук уюм ПККга карай үч облуста жүргүзүлүп жаткан «Кыран» операциясынын алкагында, Вандын Гүрпынар районунун Булгурлу Дагы аймагындагы аскердик бөлүктөрдө иликтөөлөрдү ишке ашырды.

Ван, Хаккари жана Шырнактын облустук командирликтеринин катышуусунда, Жандармерия башкы командири армия генералы Ариф Четиндин буйрук жана көзөмөлүндө башталган «Кыран» операциясы уланып жатат.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын буйрук жана көрсөтмөсүнө ылайык аймактын террористтерден толугу менен тазаланганга дейре террорго каршы күрөшүүнүн координациялуу түрдө улана тургандыгын баса белгилеген армия генералы Четин, коопсуздук күчтөрүнүн террористтердин уюктарына киргендерин баса белгиледи.

Жандармерия башкы командири армия генералы Ариф Четин: «Тоолор террористтерден толугу менен тазаланган абалда. Калгандары бар болсо аларды дагы эң кыска убакта тазалайбыз. Бул аймак толугу менен террористтерден тазаланат»,-деди.



Тектеш кабарлар