Түркия Сириядагы туткундардын айырбашталганын жарыялады

Тышкы иштер министрлиги Сирияда Башар Асад режими жана аскердик оппозициялык күчтөрдүн кол алдындагы кээ бир туткундардын, Астана процессинин алкагында бир убакта эркин кое берилиши жөнүндө маалымат берди.

1246162
Түркия Сириядагы туткундардын айырбашталганын жарыялады

Түркия, Сирияда оппозициялык топтор жана режим тарабынан колго түшүрүлгөн кээ бир адамдардын, оппозициялык топтун көзөмөлүндө турган Бабдын түштүгүндөгү Еби Зиндин зонасында эки тараптуу жана бир убакта эркин кое берилгенин жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги Сирияда Башар Асад режими жана аскердик оппозициялык күчтөрдүн кол алдындагы кээ бир туткундардын, Астана процессинин алкагында бир убакта эркин кое берилиши жөнүндө маалымат берди.

Маалыматта, “Астана процессинин алкагында Түркия, Орусия жана Иран  менен катар БУУнун катышуусунда мажбурлап кармалган/уурдалган кишилердин эркин кое берилүүсү, сөөктөрдүн айырбашталышы жана жоголгон кишилердин абалынын белгилениши тууралуу түзүлгөн жумушчу тобунун алкагында даярдалган төртүнчү долбоордун негизинде, Сирияда оппозициялык топ жана режим тарабынан камакка алынган кээ бир кишилер  2019-жылдын 31-июлунда оппозициялык күчтүн көзөмөлүндө турган Бабдын түштүгүндөгү Еби Зиндин зонасында эки тараптуу, бир убакта эркин кое берилди. Иликтөө тобу ишмердүүлүктөрүн мындан ары да улантылат”,делди.

Эки тарап ортосундагы алгачкы айырбаштоо 2018-жылдын 24-ноябрында, экинчи айырбаштоо 12-февралда, үчүнчү айырбаштоо 22-апрелде болгон.

Айырбаштоо Түркиянын адамдык дипломатия ишмердүүлүгүнүн айланасында жасалган кадамдары экендигин билдирди.

Асад режиминин  кармоо абактарында эң аз 500 миң кишинин туткундалганы белгилүү.



Тектеш кабарлар