Чавушоглу Таиландга барды
Министр Чавушоглу ASEANдын жыйынына катышат.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (ASEAN)жыйынына катышуу үчүн барган Таиландда Чиангмай губернатору Сукпрачай жана Соода палатасынын төрагасы Вародом Питаканонда менен жолукту.
Чавушоглу Твиттерден берген маалыматында: «Табигый жаратышка жана маданий баалуулуктарга эгедер Чиангмайда губернатор Сукпрачай менен туризмдик кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн сүйлөштүк»,-деп айтты.
Питаканонда менен өткөргөн сүйлөшүүгө байланыштуу Чавушоглу: «Газиантеп жана Бурса менен бир тууган шаар болгон Чиангмайдын Соода палатасынын төрагасы менен соода байланыштарын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыктык»,-деди.
Министр Чавушоглу катыша турчу ASEANдын тышкы иштер министрлеринин 52-жыйыны, 27-июлдан 3-авгуска чейин Таиланддын баш калаасы Бангкокто өткөрүлөт.