29 миң 807 түрк Европа Биримдигинин жарандыгын алды

Европа Биримдиги өлкөлөрү 2017-жылы 825 миң 447 кишиге жарандык берди.

1241187
29 миң 807 түрк Европа Биримдигинин жарандыгын алды

 

Европа Биримдиги өлкөлөрү, 2017-жылы 29 миң 807 түрккө Евробиримдиктин жарандыгын берди.

Түрктөр эң көп жарандык алган өлкө 50,2 пайыз менен Германияда болду.

Европанын статистика агенттиги, 2017-жылга таандык көрсөткүчтөрдү жарыялады.

Буга караганда Европа өлкөлөрү 2017-жылы 825 миң 447 кишиге жарандык берди. Эң көп жарандык берген өлкө болсо 18 пайыз менен Италия болду. Андан кийин 15 пайыз менен Англия, 14 пайыз менен Германия жана Франция турат. Швеция менен Испаниянын жарандык берүү катышы болсо 8 пайыз болду.

Көрсөткүчтөргө караганда 2017-жылы 29 миң 807 түрк Евробиримдиктин жарандыгын алды. Жарандык алган түрктөрдүн 50,2 пайызы Германия, 17,9 пайызы Франция, 10 пайызы Нидерландия, 5,3 пайызы Англия, 16,6 пайызы да берки Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн жараны болду.

Эң көп Европа Биримдиги жарандыгын алгандар болсо 8 пайыз менен марокколуктар, 7 пайыз менен албандар жана 4 пайыз менен түрк жана индустар турат.



Тектеш кабарлар