Жеффри Түркияда

Жеффринин Түрк өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Анкарага келгендиги белгиленди.

1239661
Жеффри Түркияда

 

АКШнын Сирия боюнча  атайын өкүлү Жеймс Жеффринин Түркияга келгендиги жана жооптуу кызматтагылар менен Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларын жана Сириядагы акыркы кырдаалды сүйлөшө тургандыгы маалымдалды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффринин Түрк өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Анкарага кеткендиги белгиленди.

Жеффринин 22-23-июлда түрк жооптуу кызматтагылар менен жолугуша тургандыгы маалымдалган билдирүүдө: «Элчи Жеффри менен түрк жетекчилер, Түркиянын учурдагы коопсуздук тынчсызданууларын, Сирия маселесинин чечилүүсүнө карата БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомунун ишке ашырылышы жана ДЕАШтын жеңилүүсүнүн туруктуу кылынышы сыяктуу уланып жаткан аракеттерибизди сүйлөшүшөт»,-делди.


Этикеткалар: #Жеффринин Түркияга

Тектеш кабарлар