Үй бүлө, эмгек жана социалдык тейлөө министри Зехра Зүмрүт Селчук Индонезияда

Министр Зехра Зүмрүт Селчук сапарынын негизинде Түркиянын Жакарта элчиси Махмут Эрол Кылыч жана Аялдардын статусун колдоо жана балдарды коргоо министрлигинин жетекчилери менен жолугушту.

1240003
Үй бүлө, эмгек жана социалдык тейлөө министри Зехра Зүмрүт Селчук Индонезияда

Үй  - бүлө,  эмгек жана социалдык тейлөө министри Зехра Зүмрүт Селчук Улуттук балдар майрамына карата иш чаралардан улам Индонезияга сапар менен барды. Селчук Индонезиядагы сапарынын негизинде Түркиянын Жакарта элчиси Махмут Эрол Кылыч жана Аялдардын статусун колдоо жана балдарды коргоо министрлигинин жетекчилери менен жолугушту.

Эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу келишимдерине кол коюла турган сапарда Селчук Индонезия республикасынын социалдык иштер боюнча министри Агус Гумиванг Картасасмита, жумушчу күчү министри Мухаммад Ханиф Дхакири жана Аялдардын статусун колдоо жана балдарды коргоо министри Йохан Сюзан Йембис менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.  

Селчук андан кийин Элдин саламаттыгын сактоо  жана камсыздандыруу боюнча кызматташуу меморандумуна жана Аялдардын статусун колдоо жана балдарды коргоо боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюу аземине катышат.

Министр Селчук Индонезия улуттук балдар форумунун жабылуу аземинде сөз сүйлөгөндөн кийин Улуттук балдар күнүн белгилөө иш чараларына катышат.

Саясат, программа жана иш чаралар менен балдардын укуктарын ишке ашыруу, коргоону кенен түрдө жүргүзүүгө боло тургандай түрдө пландаган, балдар укуктарына таянган өнүгүү системасын чыгарган шаарларга сыйлыктар бериле турган Балдар досу шаар сыйлыктары тапшырыла турган аземде Селчук сөз сүйлөйт.



Тектеш кабарлар