Клавиатура чемпионатында түрк курамасы 10 медалга ээ болду

Чемпионатка 30 өлкөдөн жүздөгөн жарышчы катышты.

1238891
Клавиатура чемпионатында түрк курамасы 10 медалга ээ болду

 

Италиянын Кальяри шаарында өткөрүлгөн компьютердик клавиатура чемпионатында Түрк курама командасы рекорд жаңылап чемпион болду.

Intersteno Эл аралык маалымат жана байланыш федерациясындагы түрк тобунун билдирүүсүнө караганда, БУУга караштуу федерация уюштурган 52- Intersteno Конгресс жана компьютердик клавиатура боюнча дүйнө чемпионаты Кальяри шаарында 13-19-июль күндөрнүн аралыгында өткөрүлдү.

Чемпионатка АКШ, Япония, Кытай, Орусия менен катар Түштүк Корея жана Европа өлкөлөрүнөн турган 30 өлкөдөн жүздөгөн жарышчы катышты.

Конкурста 30 мүнөттүк тажрыйбалуулар категориясынын кынтыксыз ылдамдык жарышында так 156 сөз менен Желал Ашкын өзүнө таандык дүйнө рекордун жаңылап алтын медалдын ээси болду.

Жаштар категориясында мүнөтүнө так 117 сөз менен Ильяс Памукчу дүйнө экинчиси, ушул эле категорияда мүнөтүнө так 113 сөз менен Мехмет Курт дүйнө үчүнчүсү болду.

Үндү жазууга айландыруу жарышынын тажрыйбалуулар категориясында Хакан Курт мүнөтүнө 321 муун менен дүйнө чемпиондугуна, ушул эле категорияда Желал Ашкын мүнөтүнө 320 муун менен экинчиликти алса, түз терүү жарышынын жаш балдар категориясында Онур Демирбаш дүйнө чемпиону болду.

Үндү терүү жарышынын тажрыйбалуулар категориясында Желал Ашкын дүйнө экинчиси, Хакан Курт дүйнө үчүнчүсү, ушул эле жаштар категориясында Ильяс Памукчу дүйнө үчүнчүсү, Желал Ашкын жалпы эсепте дүйнө үчүнчүсү болду.

Түрк улуттук клавиатура командасы, ушундайча бирөө дүйнө рекорду болуп жалпы 3 чемпиондук, 3 экинчилик жана 4 үчүнчүлүктөн турган жалпы 10 медалга ээ болду.

 



Тектеш кабарлар