Ибрахим Калын менен Жон Болтон телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президенттик аппаратынын катчысы Ибрахим Калын АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1238692
Ибрахим Калын менен Жон Болтон телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президенттик аппаратынын катчысы Ибрахим Калын АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттик аппаратынын катчылыгынан берилген маалыматка ылайык эки тараптуу карым  - катнаштар жана аймактык абалдар каралган сүйлөшүүдө АКШнын Түркияны орток өндүрүүчү болгон Ф  - 35  программасынан чыгаруу чечиминен тынчсыздануу билдирилди.

Эки өлкөнүн президенттеринин мурунку сөздөрү менен шайкеш келбеген бул чечимге Түркиянын каршы экендиги билдирилди.

Түркия  -  АКШ карым  - катнаштарынын бир тараптуу чечим менен алдыга карай жыла албай тургандыгы баса белгиленди.

Сириянын түндүгүндө курулушу пландалган коопсуз аймак  менен Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларынын жоюлушу жана Манбиж жол картасынын турмушка ашырылышы да каралган сүйлөшүүдө Ливия тууралуу акыркы абалдар каралды жана тараптардын саясий чечүүчү жолго кайтуулары жагдайында орток эрк билдирилди.

Сүйлөшүүдө өзгөчө президент Р. Т. Эрдоган жана АКШнын президенти Дональд Трамп ортого салган 75 миллиард долларлык соода максатына жетүү үчүн тийиштүү бөлүмдөрдүн иш – аракеттеринин маанилүү экендигине басым жасалды.

АКШнын президенти Трамптын Түркияга жасай турган сапарынын программасы жана келе турган болжолдуу күнү да сөз болду.



Тектеш кабарлар