Түрк аба жолу Торонтого учушунун 10 жылдыгын белгиледи

Түркиянын Торонто башкы консулу Эрдениз Шен түрк аба жолдорунун «улуттук аба жолу фирмасы» экендигин айтты.

1234744
Түрк аба жолу Торонтого учушунун 10 жылдыгын белгиледи

Түрк аба жолдору Канаданын Торонто шаарына учушунун 10  жылдыгын белгиледи.

Mississauga Convention Centerда өткөрүлгөн иш чарага түрк аба жолдорунун Америка континентинен жооптуу төрага орун басары Мустафа Доган, Торонтодо иш жана саясат чөйрөсү менен дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү катышты. Доган түрк аба жолдорунун 10 жыл мурда башталган Торонто каттамдары менен Канадага кадам таштагандыгын жана бүгүн максат кылынгандан дагы мыкты бир жерде экендерин айтты.

Түркиянын Торонто башкы консулу Эрдениз Шен да түрк аба жолдорунун «улуттук аба жол фирмасы» экендигин айтып : «Түрк аба жолдору Торонтону дүйнө менен байланыштырууда. Түрк аба жолдору Торонтодон жумасына алты жана Монреалдан жумасына 3 каттам менен бул жерден жолго чыккан жүргүнчүлөрүн  Стамбулубуз аркылуу алып өтүүдө. Торонто жана Монреал каттамдарынын эки эсеге чыгышын жана Ванковер  - Стамбул каттамдарынын да эртерээк башташын каалайбыз. Муну бул жерде жашаган 100 миңден ашуун түрк каалап жатат. 1, жарым миллиондон ашуун мусулман жана 35 миллион канадалык каалап жатат»,- деди.

Кээ бир өнөрпоздор сахнага чыккан иш чарада тартылган чүчү кулак менен 10 кишиге бизнес класс  Түркияга учуу белекке берилди. Иш чарада андан мурда түрк аба жолдорунун атынан Түркия фотографияларын тарткан фотографт Ранди ван дер Старрендин фотографиялары көргөзмөгө коюлду.



Тектеш кабарлар