Р.Т. Эрдоган Түштүк Чыгыш Европа Кызматташтык Процессинин саммит отурумуна катышты

Босния Герцеговинада Түштүк Чыгыш Европа Кызматташтык Процессинин саммит отурумуна катышкан Эрдоган Европаны сынга алды.

1232731
Р.Т. Эрдоган   Түштүк Чыгыш Европа Кызматташтык Процессинин саммит отурумуна катышты

Президент Р. Т. Эрдоган Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн качкындар квоталарында келише албагандыгын айтып Түркиянын 4 миллиондон ашуун качкынды алгандыгын билдирди.

Президент Эрдоган Босния Герцеговинада Түштүк Чыгыш Европа Кызматташтык Процессинин саммит отурумуна катышты. Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө качкындар тууралуу токтолду жана Европаны сынга алды.

Түркиянын 3, 6 миллиону сириялык болгон 4 миллиондон ашуун качкынга үй ээлик кылгандыгын эске салган Эрдоган : «БУУнун айтканына караганда бир гана сириялык качкындар үчүн 37 миллиард доллардан ашыкча жумшадык. Өлкөбүз улуттук кирешеге караганда биринчи орунду алды. Түркия иретсиз миграция менен күрөшүү тууралуу Эгей деңизи башта болгон түрдүү чараларды турмушка ашырды»,- деди.

Түркия көргөн чаралары менен Эгейдеги трагедияларга бөгөт болгондугун белгилеген Эрдоган Европага өтүү катнашын 99 пайызга азайткандарын айтты.

Балкан өлкөлөрү башта болгон Европа континентинин  баарынын коопсуздугуна чоң салым кошкондорун белгилеген президент : «Бирок бул кыйын процессте европалык досторубуздан күткөн жардамды жана адамзаттык мамилени көргөн жокпуз. Өлкөбүзгө берилген жардам убадалары орундатылган жок. 6 миллиард евродон 2,5 миллиард гана евро эркин койо берилди»,- деди.



Тектеш кабарлар