Түркия туризмди таанытуу жана өнүктүрүү агенттиги курулат

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой туризмдин өлкө тышында таанытылышы үчүн дагы кенен бюджеттин түзүлүшүнө чечим чыгарылгандыгын, ушул максатта Түркия туризм таанытуу жана өнүктүрүү агенттигинин куруларын билдирди.

1226878
Түркия туризмди таанытуу жана өнүктүрүү агенттиги курулат

Түркия туризмди таанытуу жана өнүктүрүү агенттиги курулууда.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой туризмдин өлкө тышында таанытылышы үчүн дагы кенен бюджеттин түзүлүшүнө чечим чыгарылгандыгын, ушул максатта Түркия туризм таанытуу жана өнүктүрүү агенттигинин куруларын билдирди.

Маданият жана туризм министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда министр Эрсой Түркия  - Орусия парламенттер аралык достук группасынын түзүлүшү Түркия  - Орусия коомдук форуму тарабынан Түркияда конок болгон орусиялык журналисттер менен жолугушуп, суроолоруна жооп берди. Эрсой агенттиктин жалпы дүйнөдө Түркиянын тарыхында болбогондой кенен бюджеттүү бир туризм таанытуунун болорун айтты.

Эрсой Япониянын 2019 -  жылды «Түрк маданий жылы» деп жарыялашы менен Токиодо Улуттук санат музейинде ачылган «Казыналар жана Осмон императорлугунда жоогазын салты көргөзмөсүнүн» «Кыдырып жүргөн көргөзмө» деген тема менен Орусияга да барарын билдирди.

Министр Эрсой Кремль музейинде көрсөтүлө турган чыгармалардын абдан маанилүү чыгармалар экендигин айтты.

Түркия – Орусия коомдук форуму тарабынан өткөн жылы башталган иш чаранын негизинде Орусиянын алдыңкы агент, телекөрсөтүү жана гезитеринен 16 жаш өкүлдү Түркияда тосуп алды. Орусиялык журналисттер жолугушууларынын биринчи күнүндө ТРТ жана Daily Sabahка барышты.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолугушкан конок журналисттер 3 күндүк сапарынан кийин өлкөлөрүнө кайтышат.



Тектеш кабарлар