Эрдоган Чоң жыйырмалыктын Лидерлер саммитине катышуу үчүн Японияга бүгүн учуп кетет

Чоң жыйырмалыктын (G-20) Лидерлер саммити 28-29-июнь күндөрүндө Япониянын Осака шаарында өтөт.

1225658
Эрдоган Чоң жыйырмалыктын Лидерлер саммитине катышуу үчүн Японияга бүгүн учуп кетет

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Чоң жыйырмалыктын (G-20) Лидерлер саммитине катышуу үчүн бүгүн Японияга учуп кетет.

Чоң жыйырмалыктын (G-20) Лидерлер саммити 28-29-июнь күндөрүндө Япониянын Осака шаарында өтөт.

Саммитте С-400 абадан коргонуу системасы басымдуу күн тартиптеринен бири болот.

Системалардын тапшырылышынан мурда саммитте Орусиянын президенти Владимир Путин менен бетме-бет жолуга турган Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен да жолугат.

Сириядан баштап аймактык темалар кеңири түрдө каралат.

Эрдоган, С-400 абадан коргонуу системасын сатып алууга каршы чыккан кесиптеши Трамп менен көйгөйлүү темаларды бетме-бет отуруп сүйлөшөт.

Президент Эрдоган, саммиттен кийин борбор шаар Токиодо да жолугушууларды өткөрөт.



Тектеш кабарлар