С-400 абадан коргонуу системасын алдыбыздагы айда өткөрүп ала баштайбыз

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы, президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (ТУУЖ) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

1224912
С-400 абадан коргонуу системасын алдыбыздагы айда өткөрүп ала баштайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, С-400 абадан коргонуу системасынын алдыбыздагы айда тапшырыла баштай турганын белгилеп өттү.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы, президент Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (ТУУЖ) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Эрдоган, сөзүндө « (Орусиядан) буюртма кылганыбыз С-400 абадан коргонуу системаларын буюрса алдыбыздагы айда өткөрүп ала баштайбыз»,-деди.

Эрдоган: «С-400 маселеси, түздөн-түз эгемендик укугубузга тиешелүү жана мындан артка кадам таштабайбыз»,-деп айтты.

Сөзүндө Чыгыш Жер Ортолук деңизде гидрокарбон издөө иштерине да токтолгон Эрдоган: «Грециянын премьер-министри эмне айтса айтсын биздин ал жерде укуктарыбыз бар. Укуктарыбызды коргоо үчүн изилдөө жана бургулоо кемелерибиз иш-аракеттерин улантат»,-деп айтты.

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу билдирүүлөрүнө каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Франция сен сүйлөй албайсың. Сенин мындай ыйгарым укугуң жок. Суулар тууралуу тийиштүү аймактын ичинде орун алгандар бар болсо алардын да айта турган нерселери болушу мүмкүн. Кипрге келсек бул жерде 3 даана гарантер өлкө бар (Түркия, Греция, Англия). Бир гана ушулар сүйлөшөт»,-деди.


Этикеткалар: #С-400 , #Эрдоган

Тектеш кабарлар