Стамбулдагы добуштардын дээрлик бардыгы саналып бүттү

Так эмес жыйынтыктарга караганда Бинали Йылдырым добуштардын 45,09 пайызын алды. Ал эми Экрем Имамоглу болсо добуштардын 54,03 пайызын алды.

1223712
Стамбулдагы добуштардын дээрлик бардыгы саналып бүттү

Стамбулда кайрадан өткөрүлгөн шайлоодон кийин добуштардын дээрлик толугу саналып бүттү.

Так эмес жыйынтыктарга караганда Бинали Йылдырым добуштардын 45,09 пайызын алды. Ал эми Экрем Имамоглу болсо добуштардын 54,03 пайызын алды.

31-мартта болгон жергиликтүү шайлоолордон кийин Жогорку шайлоо кеңеши, АК партиясынын каршы чыгуусу боюнча 6-майда «Стамбул мэрин шайлоонун жаңылануусуна» жана «ЖХПнын талапкери Экрем Имамоглунун мандатынын жоюлушуна» чечим чыгарган болчу. Ошондуктан Стамбулдуктар бүгүн кайрадан шайлоого барышты.

Шайлоодо Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен Улуттук кыймыл партиясынан турган «Хумхур» өнөктөштүгүнүн талапкери Бинали Йылдырым, Республикачыл элдик партиясы менен Жакшы (Ийи) партиясынан турган «Миллет» өнөктөштүгүнүн талапкери Экрем Имамоглу, Саадет партиясынын талапкери Неждет Гөкчынар менен Ватан парртиясынын талапкери Мустафа Илкер Йүжел ат салышты.



Тектеш кабарлар