Президент Эрдоган Чоң жыйырмалар саммитинде Трапм жана Путин менен жолугушат

Президент Р. Т. Эрдоган 28 – 29 -  июнда Японияда өткөрүлө турган Чоң жыйырмалар саммитине катышат.

1222464
Президент Эрдоган Чоң жыйырмалар саммитинде Трапм жана Путин менен жолугушат

Президент Р. Т. Эрдоган 28 – 29 -  июнда Японияда өткөрүлө турган Чоң жыйырмалар саммитинде АКШнын президенти Дональд Трамп менен С  - 400 абадан коргонуу системалары жана Ф  - 35 аскердик учактар тууралуу сүйлөшөрүн айтты.

Президент Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин сарайында кээ бир журналисттер менен өткөргөн  социалдык медиа жана телекөрсөтүү берүүсүндө күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

Эл аралык насыя рейтинг агенттиги  Moody'sтын Түркиянын насыясын төмөндөткөндүгүнө токтолгон Эрдоган түрк экономикасы аркылуу курс жана кредит боюнча жасаган аракеттерин мурунку жылдарда болгондой дагы куру чыгарышарын белгиледи.  

Түркиянын Орусиядан ала турган С  - 400дөрдүн АКШнын талкуу жараткан маселе кылгандыгын баса белгилеген Эрдоган ушул себеп менен АКШнын Ф  - 35тердин Түркияга тапшырылбашы сыяктуу маселени күн тартибине алып келгендигин айтты.

Эрдоган : «Эми айдын акырында Чоң жыйырмалар саммитине барабыз. Орусиянын президенти В. Путин менен жолугушабыз. Жолугушууда ушул эле темаларды сүйлөшөбүз. Муну менен бирге эки тараптуу карым  - катнаштарыбыз сөз болот. Ал жерден мен Кытайга барам»,- деди.

Президент Эрдоган Кытайда да Кытай  - Түркия карым  - катнаштарын колго алышарын билдирди.

Инвесторлордун Түркияга кадам таштап жаткандыгын айткан Эрдоган чет элдик инвесторлордун түрк демилгечи жана инвесторлордун да алдын ачарын айтты.

Акыркы мезгилде таштаган кадамдар менен жумуш менен камсыз кылууда өсүүнүн башталгандыгын баса белгилеген Эрдоган инвесторлор тууралуу оң белгилерди алышкандарын, мунун да жумушсуздуктун азайышына салым кошкондугун айтты.



Тектеш кабарлар