Эгей деңизинде кызматташтыкты өнүктүрүү аракеттери

Түркия менен Грециянын делегациялары жолугушат.

1219576
Эгей деңизинде кызматташтыкты өнүктүрүү аракеттери

 

Түркия менен Грециянын Коргоо министрликтеринин делегациялары, Эгей деңизинде кызматташтыкты бекемдөө максатында жолугушууларынын экинчисин 17-21-июнда баш калаа Анкарада өткөрүшөт.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Түркия менен Грециянын Коргоо министрликтеринин делегацияларынын ортосунда, Ишенимди арттыруучу чаралар менен катар Эгей деңизинде кызматташтыкты өнүктүрүү максатында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн экинчиси 17-21-июнь күндөрүнүн аралыгында баш калаа Анкарада өткөрүлөт»,-делди.

Эки өлкөнүн делегациялары, биринчи сүйлөшүүнү 20-25-май күндөрүнүн аралыгында Грециянын баш калаасы Афинада өткөрүшкөн.

Делегациялардын ортосунда Эгей деңизинде ишенимди арттыруучу чаралар жана жүрүм-турум эрежелери менен катар кызматташтыкты өнүктүрүү максатында техникалык сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн болчу.



Тектеш кабарлар