Эрдоган Чоң жыйырмалыкта Трамп менен F-35 жана С-400 маселелерин сүйлөшөт

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Тажикстандан кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1219234
Эрдоган Чоң жыйырмалыкта Трамп менен F-35 жана С-400 маселелерин сүйлөшөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Тажикстандан кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Президент Эрдоган, Орусиядан С-400 абадан коргонуу системасын алуудан баш тартуунун мүмкүн болбой турганын айтып, "С-400 иши бүткөн абалда. Кандайдыр бир терстик жок",-деди.

Эрдоган, июль айынын биринчи жарымында системалар келе баштай турганын болжогондорун маалымдады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШдан С-400 туурасында келген катка Улуттук коргоо министрлигинин жооп ниетинде кат даярдап жатканын жатканын айтып, "Каттын мазмуну белгиленди. Балким ушул аптанын ичинде жөнөтүлөт",- деди.

С-400 темасында Түркиянын чечими так экенин, андан баш тартпай тургандарын баса белгилеген Эрдоган, Орусия менен кол коюлганын,ылайыктуу насыя камсыздалганын токтолуп, баш тартуунун  мүмкүн эместигин айтты.

F-35 темасында төлөмдөрдү убагында ишке ашыргандарын айткан Эрдоган, ушул убакка дейре АКШга 1 миллиард 250 миллион доллар төдөгөндөрүнө токтолгон Эрдоган:"Биз 4 учакты өткөрүп алдык. Учактар учурда Аризонада. Генералыбызды жибердик, кызматкерлер керектүү билимди алышты. Бирок тигил тарап учакты жөнөтүүгө келгенде бизге кыйынчылык туудурууда",-деп айтты.

F-35тердин айрым тетиктери Түркиядан чыгарылып жатканына токтолгон Эрдоган, бул теманы АКШнын президенти Дональд Трамп менен Чоң жыйырмалыктын саммитине барганда сүйлөшө турганын айтты.

АКШ тарабынан карама-каршылыктуу билдирүүлөр айтылганына токтолгон Эрдоган, АКШдан карама-каршылыктуу билдирүүлөр келишин уланта турган болсо Трамп менен сүйлөшүп чече тургандарын айтты.

Эрдоган:"Түркия дагы АКШ дагы НАТО өлкөсү. Түркия НАТОдо күчтүү өлкөлөрдөн бири. НАТОдо төлөмүн төлөгөн үч беш өлкөдөн бири. Айрымдары төлөмдөрүн дагы төлөгөн жери жок. Стратегиялык өнөктөш, өнөктөшүнө кыянаттык кылабы? Андай кылбашы керек. Түркия НАТОдо өзгөчө өнөктөш болуп эсептелет",-деди.



Тектеш кабарлар