Чавушоглунун дипломатиялык жолугушуулары

Министрликтин имаратында жолугушууларды өткөрдү.

1217775
Чавушоглунун дипломатиялык жолугушуулары

 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу дипломатиялык жолугушууларын улантып жатат.

Чавушоглу баш калаа Анкарага келген Черногория парламентинин Эл аралык байланыштар жана качкындар комитетинин төрагасы Андрия Николич жана БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү КГейр О. Педерсен менен министрликтин имаратында жолугушту.

Жолугушуулары тууралуу Твиттер баракчасынан маалым берген Чавушоглу: «Черногория парламентинин Эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы жана мүчөлөрү менен жылуу жолугушуу өткөрдүк. Бул дос өлкө менен болгон байланыштар баардык тармакта өнүгүүдө»,-деди.

Чавушоглу Педерсен менен жолугушуусу тууралуу болсо: «БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү КГейр О. Педерсен менен Сириядагы акыркы кырдаалды карап чыктык. Идлибдеги чыңалууну азайтуу аймагынын корголуусу жана саясий процесстин тездетилиши биздин негизги максаттарыбыз болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар