Түркия Нидерландияга каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуу түрүндө берилген жарыяда, Нидерландиянын Өкүлдөр палатасында кабыл алынган Түркияга каршы чечими айыпталды.

1217454
Түркия Нидерландияга каршылык көрсөттү

Анкара, Нидерландиянын Өкүлдөр палатасында кабыл алынган Түркияга каршы чечимде алдыга коюлган айтымдардын негизсиз жана жалган жалааларга толтура экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуу түрүндө берилген жарыяда, «Нидерландиянын Өкүлдөр палатасында Түркияга каршы турган чөйрөлөрдүн киришүүсү менен кечээ кабыл алынган 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу чечимдерди жана бул чечимдерде өлкөбүзгө каршы айтылган негизсиз жана жалган жалаага толгон дооматтарды катуу айыптайбыз»,делди.

Мындай түрдөгү негизсиз, түшүнүк жана чындыкка жатпаган аракеттердин буларга арачылык кылгандар үчүн жоопсуз калбай турганы» баса белгиленген билдирүүдө, популизм жолу менен күнүмдүк турмушун ойлоп шайлоочулары багытында көңүл бурууга аракет кылган саясий түшүнүктүн, акырында барып бул аң-сезим жана акыл эссиз кыймыл кылгандарга зыян тийгизе турганына белги берилди.

Билдирүүдө буларга орун берилди: «Нидерландиянын Өкүлдөр палатасынын жаман ойлор менен толтурулган Түркияга каршы туруунун ордуна, Европа баалуулуктарын коркунучка салган дагы олуттуу темаларга токтолушу туура болот. Ушул жагынан алганда жогорулап бараткан ашкере улутчулдук, чет элдикке душмандык,жикчилдик, Иламга каршы туруу жана мечиттерге болгон кол салуулардын артышына каршы көрүлө турган чаралардын эң оболу каралышында пайда бар. Нидерландия менен карым-катнаштарыбыздын нормалдашуусуна карай аракет кылынган жана эки тараптуу кадамдардын натыйжасында оң жылыштар катталган ушул баскычта, Парламенттин ушундай негизсиз, жаман ниеттүү жана кайсы максатка кызмат кылганы түшүнүксүз демилгелерди колдоосу карым-катнаштарыбыздын өнүгүүсүнө салым кошпой турганы ачык көрүнүп турат».



Тектеш кабарлар