Фуат Октай, дүйнө жүзүн ФЕТӨ менен болгон байланыштарын үзүүгө чакырды

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай, БУУнун Женева кеңсесинде кечээ башталган Эл аралык Эмгек Уюмунун (ILO) 108-Эл аралык Эмгек конференциясынын жогорку деңгээлдеги отурумунда катышуучуларга кайрылды.

1216470
Фуат Октай, дүйнө жүзүн ФЕТӨ менен болгон байланыштарын үзүүгө чакырды

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай, бүткүл мамлекеттердин Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) сыяктуу террордук уюмдар менен байланышы болгондорунун иш келишимдерин жоюуларынын табигый көрүнүш болгонун баса белгиледи.

Октай, БУУнун Женева кеңсесинде кечээ башталган Эл аралык Эмгек Уюмунун (ILO) 108-Эл аралык Эмгек конференциясынын жогорку деңгээлдеги отурумунда катышуучуларга кайрылды.

Октай, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагы  төңкөрүш аракетинде 251 атуулдун шейит болгонун, 2 миңден ашуун кишинин жаракат алганын эске салды.

Октай, төңкөрүш аракетин кылган ФЕТӨнүн Түркиянын демократиялык мекемелерине жана улуттун эркиндигине кол салууну максаттаган террор уюму болгонун баса белгиледи.

Президентти жана Түркиядагы Конституциялык тартипти кулатууну максаттаган бул кылмыш уюму менен күрөшүүдө иштөө ыкмаларынын билиниши абдан маанилүү болгонуна басым жасаган Октай, ФЕТӨнүн соода бирикмелери кимдигинин астында уюмдашкан мекемелеринин жабылышынын жана булардын эл аралык платформаларда Түркияга каршы колдонулушуна уруксат берилбеши керектигин айтты.

Фуат Октай, бардык мамлекеттердин жана мамлекеттик жана жеке менчик уюмдарынын ФЕТӨ сыяктуу террордук уюмдар менен байланышы болгондорунун иш келишимдерин жоюуларынын табигый көрүнүш болгонун баса белгилеп, «Мамлекеттик мекемелерге кирип алган ФЕТӨ террористтеринин иш келишимдеринин жоюлушуна да тарапсыз түрдө мамиле көрсөтүлүшү керек. ФЕТӨго мүчө террористтер тарабынан жаратылууга аракет кылынган жабыркагандар сезими жана имидж түшүнүгү абдан алдатуучу болуп эсептелет. Көз карандысыз жана тарапсыз соттордо юридикалык процесстер улантылууда жана эл аралык мекемелер соттун чечимине урмат- сый көрсөтүшү керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар