Фахреттин Алтун Германиядагы мечиттерге кол салуу тууралуу маалымат берди

Мечиттерге жасалган кол салуулар ислам душмандыгынын бир көрүнүшү.

1216434
Фахреттин Алтун Германиядагы  мечиттерге кол салуу тууралуу маалымат берди

Президенттиктин коммуникация боюнча төрагасы Фахреттин Алтун Германиянын Бремен жана Кассел шаарларында мечиттерге жасалган кол салуулардын дүйнөдө күн сайын күч алып жаткан ислам душмандыгынын бир көрүнүшү экендигин белгилеп : «Исламга каршылык тууралуу  глобалдык деңгээлде күрөшүү болбосо дүйнө тынчтыгы чоң коркунуч менен бетме  - бет келүүнү улантат»,- деди. Алтун твиттер эсебинен Германияда жуманын акырында эки мечитке карата жасалган кол салуу тууралуу маалымат берди. «Германиянын Бремен жана Кассел шаарларындагы мечиттерге жасалган кол салуулар дүйнөдө күн өткөн сайын күч алып жаткан ислам душмандыгынын бир көрсөткүчү»,- деген Алтун бул сөздөргө да орун берди : «Исламга каршы чыгууга глобалдык деңгээлде жетеринче күрөшүү болмоюнча дүйнө тынчтыгы чоң коркунучтар менен бетме  - бет келүүнү улантат. Батыш дүйнөсү расизмдин жаңы формасы менен бетме - бет келип турат. Бул расистик  баарыдан мурда дипломатиялык баалуулуктарды, коомдук аң – сезимди жана глобалдык тынчтык пикирин коркутууда, орток келечегибизге зыянын тийгизүүдө. Келгиле  бирдикте расистиктин бардык түрү менен күрөшөлү».



Тектеш кабарлар