Түркиянын "А" улуттук курама командасын сыйлабаган Исландияга каршылык көрсөтүү

2020 Европа Футбол чемпионытынын тандоолорунда 3 оюнда 9 балл топтогон Түркиянын «А» улуттук курама командасы «Н» тайпасындагы төртүнчү оюну үчүн Исландияга бет алды.

1215484
Түркиянын "А" улуттук курама командасын сыйлабаган Исландияга каршылык көрсөтүү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия «А» улуттук курама командасынын Исландия аэропортунда күттүрүлүшүнө каршылык көрсөтүп, мунун кечирилгис экенин айтты.

2020 Европа Футбол чемпионытынын тандоолорунда 3 оюнда 9 балл топтогон Түркиянын «А» улуттук курама командасы «Н» тайпасындагы төртүнчү оюну үчүн Исландияга бет алды.

Атайын учак менен Исландияга барган топту Исландия сый көрсөтпөй тосту.

Футболчулардын чемодандарын бир-бирден изилдеп чыккан коопсуздук кызматкерлери, топту 2 сааттай күттүргөндөн кийин паспорт текшерүүсүнөн өткөрдү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, бул тема тууралуу Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө, « Улуттук курама командабыздын Исландиянын аэропортунда дуушар болгон мамиле дипломатиялык эрежелер жагынан дагы, адамкерчилик жагынан дагы кечирилгис. Тийиштүү киришүүнү кыла турганыбыздан улутубуз шек санабасын»,деп жазды.

Президенттик аппараттын басма сөз  катчысы Ибрахим Калын болсо, Твиттерден берген билдирүүсүндө, «Улуттук курама командабызга Исландияда көрсөтүлгөн жаман мамиле кечирилгис жана эмне керек болсо жасалат. Киришүүлөрүбүз башталды. Мамлекетибиз жана улутубуз улуттук курама команданынын жанында»,деген маалыматын бөлүштү.

Калын, улуттук курама команданын эң сонун жоопту оюн талаасында бере турганын белгилеп өттү.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик да, бул тема тууралуу Твиттер барагынан маалымат бөлүшүп, «Исландия органдары, адамкерчиликке жатпаган, спорттун рухуна шайкеш келбеген жана дипломатиялык жактан эч качан кечирилгис мамилелердин жооптуусу болуп саналат. Улуттук курама командабызга жасалгандар кандайдыр бир түрдөгү зомбулук болуп эсептелет. Исландия органдары бул «жагымсыз» ишке ашыруу үчүн кечирим сурашы керек. Бул жаңылыштыкты жое турган кадамдарды ташташы керек. Улуттук курама командабызга саламыбызды жолдойбуз, бүтүндөй улутубуз аларды колдой турганын билишет. Жапайы мамилелерге каршы, спорттун рухуна ылайыктуу ийгиликтерге жетишип эң мыкты жооптуу бере турганына ишенүүдөбүз. Жүрөгүбүз улуттук курама команда менен!»,-деди.



Тектеш кабарлар