Хулуиси Акар менен командирлер чек арада

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын Иран, Нахчыван жана Армения чек арасынын коопсуздугунан жооптуу чек ара бөлүгүндө иликтөө жүргүзүп текшерди.

1214757
Хулуиси Акар менен командирлер чек арада

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын Иран, Нахчыван жана Армения чек арасынын коопсуздугунан жооптуу чек ара бөлүгүндө иликтөө жүргүзүп текшерди.

Ыгдырга барган Акарды башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, Кургак жер күчтөрүнүн командири, армиянын адмиралы Аднан Өзбал жана Аба күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Хасан Күчүкакйүз коштоду.

Хулуси Акар 5 -  чек ара командирлигинде кенен түрдө брифинг алды. Акар Иран чек арасынан Түркияга каршы керек болсо террордук кыймылдар,  керек болсо иретсиз көчтүн алкагында мыйзам тышы жолдор менен өтүү аракетинин болгондугун белгилеп, буларга карата көрүлүшү керек болгон чаралардын кемчиликсиз орундатылышынын маанисин белгиледи.

«Сиздерден күтүүбүз абдан чоң; чек араларыбыздын өтүлбөстүгү. Эң негизгиси ушул. Кааласа террорист болсун, кааласа иретсиз качкындар болсун натыйжада баары мыйзам тышы өтүү демек»,- деген улуттук коргоо министри буларга карата колдогу мүмкүнчүлүктөрдү мыкты колдонушарын айтты.  

«Чек аралардын коопсуздугун түзүү үчүн ушул күнгө чейин колубуздан келген эмне бар болсо баарын аткардык. Мындан кийин да чечкиндүүлүк менен «чек ара намысыбыз» деген түшүнүк менен аткарууну улантабыз»,- деди.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар