Стамбулда Эндерун ыкмасындагы таравих намазы ишке ашырылды

Стамбулдагы Эндерун таравих намазына президент Режеп Таййип Эрдоган дагы катышты.

1212728
Стамбулда Эндерун ыкмасындагы таравих намазы ишке ашырылды

Дин иштери башкармалыгы жана Түркиянын диянет фонду тарабынан Стамбулдун каратылышынын 566 жылдыгына карата уюштурулган "Стамбулда Эндерун таравих намазы" аттуу иш-чарага президент Режеп Таййип Эрдоган да калышты.

Таравихтин алдында Стамбул мэриясына караштуу "Мехтер" тобунун өнөрлөрү көрсөтүлдү. Программада салаваттар жана Курани Керим окулду.

Куптан намазын дин иштери башкармалыгынын төрагасы проф.Али Эрбаш кылдырса, Эндерун ыкмасындагы таравих намазын ар төрт рекет сайын  имамдар алмашып кылдырды. Ар төрт рекеттен кийин ар башка композициядагы илахийлер окулду.

Таравих намазынан кийин проф.Эрбаш тарабынан рамазан айында жалпы Түикиядагы мечиттерде окулган жүз миңдеген хатми шериф дубасы кылынды.

Президент Эрдоган дубанын алдында Бакара сүрөөсүнүн 285 жана 286-аяттарын окуду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Йеникапыда Эндерун таравихинен кийин өзүн күтүп турган миңдеген атуулдарга кайрылды.

Эрдоган маанилүү түндө жүз миңдеген киши менен бирге Эндерун таравихин окугандарын айтты.

Бул жолугушуунун чоң мааниси болгонун айткан Эрдоган,сөз сүйлөөсүнөн кийин атуулдар менен фотосүрөткө түштү.


Этикеткалар: #Стамбулдагы , #Эрдоган

Тектеш кабарлар