Түркия - Малайзия - Пакистан тышкы иштер министрлеринин жыйыны

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Малайзия жана Пакистандын Түркия үчүн негизги өнөктөштөр экендигин белгиледи.

1211393
Түркия  - Малайзия -  Пакистан тышкы иштер министрлеринин жыйыны

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Малайзия жана Пакистандын Түркия үчүн негизги өнөктөштөр экендигин белгиледи.

Чавушоглу Сауд Арабиянын Жидда шаарында өткөн Түркия  - Малайзия  -  Пакистан үчтүк тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты.

Конгресс сарайында болгон жыйында Чавушоглу Пакистандык кесиптеши Шах Махмуд Курейши  менен малайзиялык кесиптеши Дато Саифуддин Абдуллах менен жолугушту.

Министр Чавушоглу жыйындан кийин твиттер эсебинен буларды билдирди: «Малайзия жана Пакистан Түркия үчүн ачкыч мааниге ээ болгон өнөктөштөр. Ислам дүйнөсүнүн чоң демократиясы жана экономикалары катары  кызматташуубузду дагы да арттырабыз жана  орток потенциалыбызды дагы жакшы колдонобуз».

Чавушоглу үчтүк жыйындан кийин Курейш менен эки тараптуу сүйлөшүүдө кайрадан жолугушту.



Тектеш кабарлар