Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Чеңгел» операциясы уланып жатат
Операция башталгандан бери жок кылынган террористтердин саны 15ке жетти.
Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында жүргүзүлүп жаткан «Пенче» б.а «Чеңгел» операциясында жок кылынган террористтердин саны 15 болду.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасы Твиттерден бөлүшкөн маалыматында, Хакурк аймагында 27-майда башталган «Пенче» операциясы пландалгандай түрдө ийгиликтүү уланып жатканы белгиленди.
Ушул алкакта кургактыктан атуу куралдары, чабуул коюучу тик учарлар жана аба күчтөрү кыймылы менен колдоо көрсөтүлүп уланган операцияларда, жикчил террордук уюм ПККга мүчө дагы 6 террористтин жок кылынгандыгы маалымдалган билдирүүдө: «Ушундайча операция башталгандан бери жок кылынган террористтердин саны 15 болду. Аскердик бөлүктөрүбүз ПКК террордук уюмга таандык буталарды аныктап аларды жок кылууну улантып жатышат»,-деп айтты.
Бөлүшүүдө өзгөчө десанттардын операциянын алкагында кирген бир үңкүрдүн видео жана фотосүрөттөрү да орун алды.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.