Тышкы иштер министри Чавушоглу менен Казакстандын тышкы иштер министринин пресс - жыйыны

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Казакстандын ортосундагы экономикалык карым  - катнаштардын дагы да күчтөндүрүлүшү керектигин айтты.

1207520
Тышкы иштер министри Чавушоглу менен Казакстандын тышкы иштер министринин пресс  - жыйыны

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Казакстандын ортосундагы экономикалык карым  - катнаштардын дагы да күчтөндүрүлүшү керектигин айтты.

Чавушоглу менен Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов борбор шаар Нур Султанда өткөрүлгөн Түркия  - Казакстан орток стратегиялык пландоо группасынын  5 -  саммитинен кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү.

Саммиттин негизинде бул жылы Казакстан жетекчилик кыла турган Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык саммитинин даярдыктарын карап чыгышкандарын белгилеген Чавушоглу техникалык деңгээлдеги даярдыктардын саммитке чейин улантыларын айтты.

Чавушоглу келерки саммитте кол коюла турган келишимдер тууралуу сүйлөшүүлөрдүн акырына чыгышынын мааниге ээ экендигине көңүлдөрдү буруп, өткөн күндө кол коюлган кээ бир келишимдердин каралып чыгылышы үчүн да иштердин улантылып жаткандыгын белгиледи. Бул келишим жана аракеттердин максатынын эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын дагы да күчтөндүрүлүшү экендигин баса белгилеген Чавушоглу Түркия менен Казакстандын ортосундагы экономикалык кызматташуунун дагы да күчтөндүрүлүшү үчүн олуттуу потенциал экендигин баса белгиледи.

Бири бирине карата инвестициялардын арттырылышы керектигин белгилеген Чавушоглу эки тараптуу соода көлөмүн Түркиянын президенти Эрдоган жана Казакстандын куруучу президенти Нурсултан Назарбаевдин бирдикте тактаган максаттарга жеткирилиши керектигин айтты.

Министр Чавушоглу : «Алдыбыздагы процессте Биргелешкен экономикалык комиссия жыйынын эртерээк өткөрүүбүз керек. Эки тараптан да жогорку деңгээлде тең төрагалардын болушу бул механизмге, экономикалык кызматташуубузга жана карым  - катнаштарыбызга берген маанинин бир көрсөткүчү»,- деди.

Чавушоглу Түркиянын дыйканчылык жана туризм тууралуу тажрыйбаларын Казакстан менен бөлүшүүнү каалашкандарын да белгиледи.



Тектеш кабарлар