Тышкы иштер министри С - 400дөр туурлуу билдирди

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Орусиядан алына турган С  - 400дөргө карата : «Азыркы учурда кечеңдетүү же токтотуу сыяктуу эч нерсе сөз боло албайт»,- деди.

1201962
Тышкы иштер министри С  - 400дөр туурлуу билдирди

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Орусиядан алына турган С  - 400дөргө карата : «Азыркы учурда кечеңдетүү же токтотуу сыяктуу эч нерсе сөз боло албайт»,- деди.

Чавушоглу Румыниянын өкүлдөр парламентинин Европа Иштери Комиссиясынын төрагасы Ангель Тилварды кабыл алгандан кийин Европа Биримдигинин жетекчилигинде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

АКШнын С  - 400 абадан коргонуу системаларынын Ф  - 35терге жана НАТО системаларына коркунуч түзөт деген ой менен Түркиянын орток иш алып баруу тобун куруу сунушун билдиргендигин айткан Чавушоглу : «Бул комиссиясынын ичинде НАТОнун да болушу керектигин айттык»,- деди.

АКШ тарабы менен бул комиссиянын курулушу, максаты тууралуу пикир алышууларда болушкандыгын айткан Чавушоглу : «Тактап айтканда азыркы учурда кечеңдетүү же токтотуу сыяктуу эч нерсе сөз боло албайт.Күн тартибинде да эмес. Мындай бир иш алып баруу группасы боло турган болсо алдыңкы шартсыз муну жүргүзүп, баштатууну каалайбыз»,- деди.

Чавушоглу АКШ ортого салган ойлор же тынчсыздануулардын туура же туура эмес экендигине адистер чечим чыгарышы керектигин белгилеп : «Биз бул тууралуу өзүбүзгө ишенебиз. Ошондуктан ушундай сунушту киргиздик. АКШ да өзүнө ишенген болсо андан мурда да айтканымдай бул сунушубузду кабыл алышы керек»,- деди.

Бул тууралуу Түркия менен АКШнын арасында пикир алышуулардын улантылгандыгын билдирген Чавушоглу азырынча такталган бир нерсенин  жок экендигин айтты.

Чавушоглу сөзүн төмөнкүчө улантты : «(С  - 400 тууралуу)  Бул бүткөн келишим. Азыркы учурда  кечеңдетүү тууралуу теманы сүйлөшүүнүн учуру эмес. Бул комиссия отуруп иштейт жана отчетун да даярдайт. Андан кийин биз баабызды беребиз. Бул алдыңкы шарттар менен бир жерге баруу мүмкүн эмес».

 



Тектеш кабарлар