Эрдоган - Путин телефон сүйлөшүүсү

Эрдоган  -  Путин жолугушуусуна байланыштуу маалыматты Президенттиктин коммуникация боюнча төрагасы Фахреттин Алтун твиттер аркылуу бөлүштү.

1200798
Эрдоган  - Путин телефон сүйлөшүүсү

 Президент Р. Т. Эрдоган Орусиянын президенти В. Путинге Сирияда режим күчтөрүнүн Идлибде Түркия  - Орусия кызматташуусун саботаж кылууга аракет кылгандыгын айтты.

Эрдоган менен Путин кечки сааттарда телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Эрдоган  -  Путин cүйлөшүүсүнө байланыштуу маалыматты Президенттиктин коммуникация боюнча төрагасы Фахреттин Алтун твиттер аркылуу бөлүштү.

Эки тараптуу карым  - катнаштар менен бирге Сириянын Идлип аймагында болгон акыркы абалдар каралган сүйлөшүүдө Эрдоган режимдин акыркы эки жумадан бери Идлип келишпестигин азайтуу аймагына карата ок атышпоо эрежелеринин бузулушунун тынчсыздантуучу абалга келгендиги, жарандар менен бирге мектеп жана ооруканалардын бутага алынып  кулатылышынын террор менен күрөшүү менен түшүндүрүүнүн мүмкүн эмес экендигин белгиледи.

Режимдин максатынын Идлипте Түркия  - Орусия кызматташуусун саботаж кылуу жана Астана сүйлөшүүлөрүн тебелеп  - тепсөө экендигин белгилеген Президент Эрдоган Илдипте абалдын күч алышынын Конституция Комитетинин жүргүзгөн иши жана саясий процессти ийгиликсиз кылуу жыйынтыгын да бирге алып келгендигине көңүлдөрдү бурду.  

Эки лидер Сочи консенсусуна берилгендигин тактаган сүйлөшүүдө Эрдоган ушул күнгө чейин Сочи меморандумунун ишке ашышында маанилүү аралыктын өтүлгөндүгүн, муну менен бирге болгон кол салуулардын орток максаттарга зыянын тийгизиши мүмкүн экендигин атты.

Акыркы болуп Босния  Герцеговинада болгон өкмөт кризисине да токтолгон Президент Эрдоган аймактын эл аралык уюмдар менен кызматташуусун күчтөндүрүшүнүн тынчтык жана ырааттуулук үчүн пайдалуу болоруна ишенгендигин билдирди.



Тектеш кабарлар