Ибрахим Калындын Сирия тууралуу бөлүшүүсү

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, социалдык медиа барагы Твиттерден Американын Нью-Йорк Таймс гезитинин интернет барагында орун алган маалыматты бөлүштү.

1199759
Ибрахим Калындын Сирия тууралуу бөлүшүүсү

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Сирияда Башар Асад режиминин жүз миңдеген адамды өлтүрүп, миллиондогон адамды жеринен ажыратып жана кооз өлкөнү кыйратуу менен катар он миңдеген кишини кыйнаганын белгиледи.

Ибрахим Калын, социалдык медиа барагы Твиттерден Американын Нью-Йорк Таймс гезитинин интернет барагында орун алган, «Сириядагы жашыруун кыйноо абактарынын ичинде; Башар Асад оппозицияны кантип кыйратты» аттуу маалыматты бөлүштү. Калын англис тилинде жазган маалымдоосунда, «Сириялык мыкаачы, жүз миңдеген адамды өлтүрүү, миллиондогон адамды жеринен ажыратуу жана кооз өлкөнү кыйратуу менен катар он миңдеген кишиге кыйноо жүргүздү»,-деди.

Нью-Йорк Таймстын интернет барагында орун алган кабарда, Сирияда өкмөткө каршы жүргүзүлгөн нааразылык акцияларына катышканы себеби менен кармалып абактарга камалган укук факультетинин студенттерине кылынган кыйноо тууралуу документтер орун алган.



Тектеш кабарлар