Хаккаридеги аскердик базага Ирактын түндүгүнөн ок атылды

Ирактын түндүгүнөн террористтер тарабынан миномет менен ок  атылып 3 аскер шейит болду, бир аскер жаракат алды.

1195144
Хаккаридеги аскердик базага Ирактын түндүгүнөн ок атылды

Хаккаридеги бир аскердик  база аймагына кечээ Ирактын түндүгүнөн террористтер тарабынан миномет менен ок  атылып 3 аскер шейит болду, бир аскер жаракат алды.

Улуттук коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында чек ара аймагындагы бир аскердик базага террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө террористтер тарабынан Ирактын түндүгүнөн минометтун огу атылганы маалымдалды.

Террористтердин кол салуусунун себебинен 3 аскер шейит болгону, бир аскердин жаракат алганы белгиленген жарыяда: «Окуядан кийин террористтерге таандык буталар мыйзамдуу коргонуу укугунун алкагында аймактагы кургактыктан атуучу техникаларыбыз менен дароо аткыланып, абадан операциялар башталды. Бизди терең кайгыга салган бул окуяда каза болгон азиз шейиттерибиздин жаткан жерлери жайлуу болушун, капалуу үй-бүлөлөрүнө, Түрк куралдуу күчтөрү менен улуу улутубузга кайрат айтабыз. Жаракат алган баатыр куралдаш жолдошубуздун тез сакайып кетишин тилейбиз»,-делди.



Тектеш кабарлар