Зеленский Бодрумда эс алып кетти

Украинанын жаңы президенти Зеленский Бодрумда үч күн эс алды.

1191578
Зеленский Бодрумда эс алып кетти
zelenskiy bodrum tatil.jpg

Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский үй-бүлөсү менен чогуу келген Мугланын Бодрум районундагы эс алуусун аяктады.

Бодрумдун Гүвержинлик аймагындагы беш жылдыздуу отелде үч күн эс алган Зеленский жана үй-бүлөсү эртең мененки убактарда отелден жөнөп кетишти.

Зеленский кетип баратып аны узаткан жооптуу кызматкерлер менен өз-өзүнчө кол кармашып коштошту.

Президент Зеленский андан соң Милас-Бодрум аэропортунда Түрк аба жолдоруна таандык учак менен учуп кетти.

Бодрумдагы эс алуусунда жагымдуу элес калтырган Зеленский менен үй-бүлөсүнүн кубанычы фотосүрөттөргө да чагылган эле.

Украинада өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында куудул Владимир Зеленский 73,22 пайыздык добуш менен биринчи болсо, атаандашы Петр Порошенко 24,45 пайыздык добуш алган болчу.



Тектеш кабарлар