Куралдуу жана дипломатиялык террорго багынбаган Түркия, экономикалык террорго да моюн сунбайт

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Анкарадагы Кызылжахамам районунда ишке ашырган 28-Кеңешүү жана баа берүү жыйналышынын жабылыш отурумунда сөз сүйлөп экономикага токтолду.

1191404
Куралдуу жана дипломатиялык террорго багынбаган Түркия, экономикалык террорго да моюн сунбайт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, куралдуу жана дипломатиялык террорго багынбаган Түркиянын, экономикалык террорго да моюн сунбай турганын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Анкарадагы Кызылжахамам районунда ишке ашырган 28-Кеңешүү жана баа берүү жыйналышынын жабылыш отурумунда сөз сүйлөп экономикага токтолду.

«Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде экономикада тең салмактуулук уланды»,-деп айткан Эрдоган: «Көрсөткүчтөрдү караганыбызда бардык көрсөткүчтөрдүн эми оң багытта жогорулоонун белгисин бергенин көрүүдөбүз»,-деди.

Бул мезгилде өлкөбүздүн территориясына атылган ракеталар, бомбалар, октор эмне болсо, акыркы айларда экономикага болгон кол салуулардын да ошондой эле болгонун түшүндүргөн Эрдоган: «Дароо чара көрүп, эч ким байкай электе жолун буудук. Куралдуу жана дипломатиялык террорго кантип багынбаган болсок, экономикалык террорго да багынган жокпуз, моюн сунбайбыз»,-деп айтты.

Чет элдик финансы мекемелеринин же мамлекеттердин айткандарынын бир тыйынчалык баасы жок экенин айткан Эрдоган: «Түркия бардык тармакта болгону сыяктуу экономикада дагы теңдешсиз өлкө. Мөңгү сыяктуу көрүнбөгөн жагы көрүнүп турган жагынан кыйла чоң»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар