Кыргызстандын элчиси ишеним грамотасын тапшырды
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Өмүралиев Кубанычбек Касымович, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган мырзага ишеним грамотасын тапшырды.
Грамота тапшыруу аземи аяктаган соң бетме-бет жолугушууга өтүлдү.
Жолугушуу убагында элчи Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун саламын айтты.
Президент Эрдоган, элчини жаңы кызматы менен куттуктап ийгилик каалады. Эки боордош өлкөнүн карым-катнаштарынын мындан ары да тереңдеп уланышын жана Өкмөттөр аралык жогорку стратегиялык кеңештин кезектеги жыйынынын үстүбүздөгү жылда Түркияда өткөрүлүшү тууралуу сунушун билдирди.
Элчи Өмүралиев, Кыргызстан менен Түркиянын карым-катнаштарын өнүктүрүү үчүн ушул жерге келгенин, буюрса көптөгөн иштерди биргелешип аткара тургандарын айтып Президентке ыраазычылыгын билдирүү менен ден-соолук каалады.