Чанаккаленин бардык элдерге үлгү болушун каалайм

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Анзак күнүнөн улам билдирүү жарыялады.

1189808
Чанаккаленин бардык элдерге үлгү болушун каалайм
erdogan.jpg
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, орток кайгылар жаңы душмандыктарды пайда кылуу эмес, достуктун, сүйүүнүн, тынчтыктын арачысы абалына айландырылышы темасында Чанаккаленин бардык элдерге үлгү болушун каалаганын белгиледи.

Президент Эрдоган, Анзак күнүнөн улам билдирүү жарыялады.

Чанаккаледеги кургактык согуштарынын 104 жылдыгында бул жерлерде мекендерин жана намыстарын коргогон жүз миңдеген жоокер, шейит жана ардагерди таазим кылып эскергенин белгилеген президент Эрдоган: «Бүгүнкү күнү Чанаккале согуштарында жан берген ар бир улуттан бардык аскерлерди эскерүүдөбүз. Орток кайгылар жаңы душмандыктарды пайда кылуу эмес, достуктун, сүйүүнүн, тынчтыктын арачысы абалына айланыдрылышы темасында Чанаккаленин бардык элдерге үлгү болушун каалаймын. Анзак күнүнөн улам өлкөбүзгө келген конокторубуз аркылуу бүткүл дүйнөгө тынчтык чакырыктарыбызды кайталайбыз»,-деп айтты.

Билдирүүсүндө, Республикабыздын куруучусу Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн алыс жерлерден балдарын согушка жөнткөн энелерге кайрылып «Балдарыңыздар биздин боорубузда бейпил жатат»,деген сөзүн эске салган Эрдоган: «Алар бул жерлерде жан бергенден кийин эми биздин балдарыбыз болушту» деген билдирүүсүн баардыгыбыз коргойлу. Бул жерде жаңы муундардын милдети Чанаккаледе кан, жан, эрдик менен ташка, жерге, деңизге чегилген достук билдирүүлөрүн коргоп чыгуу. Жаңы согуштар болбошу, келечек муундардын тынчтыкта жанаша жашоолору үчүн бардыгыбызга чоң жоопкерчиликтер түшөт. Чанаккале баатырларыбызды дагы бир жолу таазим кылып эскеребиз, иш-чаралардан улам өлкөбүзгө келген конокторубузга жана атуулдарыбызга чын жүрөктөн салам айтам»,-деди.



Тектеш кабарлар