Президент Р. Т. Эрдогандан 23 - Апрель куттуктоосу

Президент Р. Т. Эрдоган эң чоң каалоолорунун балдар жана жаштарга жакшы келечек даярдоо экендигин айтты.

1188185
Президент Р. Т. Эрдогандан  23 -  Апрель куттуктоосу

Президент Р. Т. Эрдоган эң чоң каалоолорунун балдар жана жаштарга жакшы келечек даярдоо экендигин айтты.

Президенттиктин коммуникация төрагалыгынан берилген маалыматка караганда Президент Эрдоган 23 -  Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамынан улам куттуктоо жарыялады.

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин курулушунун 99 -  жылында Түркиянын жана дүйнөнүн бардык балдарынын Улуттук эгемендик жана балдар майрамын куттуктаган Эрдоган куттуктоосунда : «Улуттук эгемендигибиздин пайдубалы түптөлүп жатып, улуу улутубуздун ар бир жаштан жараны жеңишке жана республикабыздын курулушуна кеткен жолдо биримдик ичинде күрөштү.

Бийлик шартсыз түрдө улуттуку деген ураан менен келечек жана көз карандысыздык  күрөшүн уланткан, келечегине багыт берген улутубуз үчүн парламенттин курулушу, мекен жана байрак сүйүүсүнүн, биримдик жана бир туугандыгыбыздын символу, эркиндигибиздин ишеними болду»,- деди.

Президент Эрдоган буларды айтты : «1920 -  жылы 23 -  апрелде улуттук эркти бардык күчтөн жогору кармаган улутубуз үчүн улуттук эрктин тышында жана үстүндө эч бир күчтүн, эч бир башкаруунун кабыл алынбай тургандыгын жана толук көз карандысыздык жолунда алдыга жылуубуздун жарыяланышы. Боштондук согушунда каармандык дастанын жазган улуу элибиз, республиканын курулушунан кийин ар бир тармакта ылдам өнүгүүнү жана алдыга жылууну принцип кылып алган; Түркия бүгүн дүйнөнүн сыйлуу жана үлгүүү өлкөлөрүнүн бири. Биз да келечегибиздин негизин түзгөн балдарыбыздын дагы чоң, дагы күчтүү жана ырааттуу бир Түркияда жашашы үчүн улутубуздан алган күч менен ишибизди улантуудабыз. Бүткүл дүйнө балдары менен бирге белгилиген 23 -  Апрель балдар майрамы улутубуздун балдарга берген эң баалуу белеги.  Улут катары балдарыбызга баа беребиз. Эң чоң каалообуз балдарыбызга жана жаштарыбызга дагы жаркыраган келечек даярдоо».

Президент Эрдоган курулушунан бери Түркия Улуу Улуттук Парламентинин чатыры астында өлкөгө кызмат кылган бардык депутаттарга рахматын айтып : «Эркиндик согушубуздун башкы командири, Түркия Улуттук Парламентинин биринчи төрагасы, республиканын куруучусу Гази Мустафа Кемал менен бардык шейит жана ардагерлерибизди ыраазычылык менен эскерем. Бардык балдарыбыздын бүткүл дүйнө балдарын бул майрамы менен чын көңүлдөн куттуктаймын»,- деди.

 



Тектеш кабарлар