ПКК канчалык жаман, мыкаачы жана аесуз экенин көрсөттү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, 3-Жөө аскер дивизиясына барды.

1187318
ПКК канчалык жаман, мыкаачы жана аесуз экенин көрсөттү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, жикчил террор уюму ПКК канчалык жаман, мыкаачы жана аесуз экенин Касиеттүү Берат түнү белгиленген түндө да кол салып көрсөткөнүн айтты.

Хулуси Акар, башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер жана кургактык күчтөрү командири, армия генералы Үмит Дүндар, террор менен күрөшүү операциясы убагында чек ара сызыгында террористтер менен салгылашууда шейит болгон 4 аскердин сөөгүнүн туулган жерлерине узатылуу расмисинен кийин 3-Жөө аскер дивизиясына барды.

Операция борборунда мурдагы күнү чек ара сызыгындагы террор операциясында чыккан ок атышуу тууралуу кеңири маалымат алган Акар, бир канча буйруктарды берди.

Мыкаачы жана аесуз террордук кол салуунун себебинен баатыр куралдаш жолдошторунан ажыроонун капага салганын айткан министр Акар: «Аткарылып жаткан операциялардын натыйжасында оор жоготууларга учураган жана жок болуу стадиясындагы террор уюмунун Берат түнүн белгилеген түндө базабызга кол салып дагы бир жолу канчалык жаман, мыкаачы жана аесуз экенин көрсөттү»,-деди.

«Бул мыкаачылык кол салуулар бизди токтото албайт, аткарган милдеттери менен улуттун сыймыгы болгон Түрк куралдуу күчтөрү өзүнө берилген милдеттерди, өтмүштө болгону сыяктуу келечекте да улам арткан каалоо жана чечкиндүүлүк менен орундатат»,-деп айткан Акар, террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен уланып жатканына басым жасады.



Тектеш кабарлар