Акар-Шанахан жолугушуусу

Эки министр Пентагондо жолукту.

1184722
Акар-Шанахан жолугушуусу

Улуттук коргоо министри Хулиси Акар, АКШга сапарынын алкагында коргоо министринин орун басары Патрик Шанахан менен жолукту.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Пентагондо өткөрүлгөн жолугушууда Сириядагы акыркы кырдаал, эки тараптуу карым-катнаштар, берки аймактык жана коопсуздук темалары менен коргоо өнөр жайындагы кызматташтык каралды.

Министр Акар тарабынан Сирияда түзүлүүсү пландалган коопсуз аймак, Орусиядан С-400дөрдү сатып алуу, F-35 учактары жана Жакынкы Чыгыштагы абалдарга байланыштуу көз караш жана талаптар сөз кылынды.

Жолугушууда Түркия менен АКШнын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн алкагындагы кызматташуунун эки өлкөнүн, аймактын жана бүткүл дүйнөнүн ырааттуулук жана коопсуздугу үчүн маанилүү экени баса белгиленди.

Пентагондун катчысы Чарльз Э. Саммерс болсо жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө: «Министрлер стратегиялык өнөктөштөр катары жолугушуу өткөрүштү. Сүйлөшүүлөр (өлкөлөрдүн айрым темалардагы) позицияларга караганда кызыкчылыктарга, түрк-америка эки тараптуу кызматташуунун маанисине жана НАТО шериктештери катары эки өлкөдө жана аймакта өз ара коопсуздук жана экономикалык туруктуулукту камсыздоого багытталды»,- деп айтты.

 



Тектеш кабарлар