Өмер Челик АКШга каршылык көрсөттү

Өмер Челик партиясынын башкы борборунда маалымат жыйын өткөрдү.

1177431
Өмер Челик АКШга каршылык көрсөттү

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, эч бир чет мамлекеттин кандайдыр бир органы же билдирүүсүнүн Түркиядагы шайлоо процессинин мыйзамдуулугунун булагы эмес экенин айтты.

Өмер Челик партиясынын башкы борборунда маалымат жыйын өткөрдү.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысы Роберт Паллодинонун Түркияда 31-мартта болгон жергиликтүү шайлоого байланыштуу билдирүүсүнө каршылык көрсөткөн Өмер Челик: «АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түркиядагы шайлоо процессине байланыштуу билдирүүсү айыптала турчу билдирүү болуп саналат»,-деди.

Челик: «Эч бир чет мамлекеттин кандайдыр бир органы же билдирүүсүнүн Түркиядагы шайлоо процессинин мыйзамдуулугунун булагы эмес»,- деп айтты.

АК партиянын катчысы Челик, шайлоо үчүн Түркияга келген Европа Кеңешинин жергиликтүү жана аймактык башкаруучулар конгрессинин өкүлдөрүнө кайрылып: «Сиздерге камсыздалган байланыш укугу, маалымат берүү механизмдери дүйнөнүн эч бир жеринде мынчалык активдүү жана мынчалык күчтүү түрдө ортого салынган эмес»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар