Президент Жээнбеков президент Эрдоганды куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоганды Түркиядагы жергиликтүү шайлоонун ийгиликтүү өткөндүгү, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жеңиши менен куттуктады.
Телефондогу сүйлөшүүдө Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташууну мындан ары дагы тереңдетүү боюнча пикирлерин айтышты.
Президент Жээнбеков, Эрдоганга чың ден-соолук, узун өмүр каалаганын билдирип, Түркиянын өсүп өнүгө беришин тиледи.
Президент Эрдоган дагы Жээнбековго ырахматын айтып, Кыргызстандын биримдигинин, элдин ынтымагынын, колдошуусунун арта беришин тиледи.
Тектеш кабарлар
Министр Уралоглу Германияда Өнүгүү жолу долбоорун түшүндүрөт
Эл аралык транспорт форуму (ITF) саммити 22-23-майда Германиянын Лейпциг шаарында өтөт.