Шайлоонун расмий эмес жыйынтыктары

Даттануу жараяны уланып жатат.

1174642
Шайлоонун расмий эмес жыйынтыктары

Түркиянын жалпысында кечээ өткөрүлгөн шайлоодо партиялардын ортосундагы өнөктөштүк алдыңкы планга чыкты.

Түркиянын жалпысында жеңген «Жумхур» өнөктөштүгү болду.

«Адилеттик жана өнүгүү» партиясы менен «Улуттук кыймыл» партиясынан  турган «Жумхур» өнөктөштүгү 51,74 пайыздык добуш менен биринчи болду.

Шайлоодо «Жумурият элдик партиясы» менен «Жакшы» партиядан турган «Миллет» өнөктөштүгү болсо 37,64 пайызда калды.

Добуштардын шаардык мэрияларга жараша жыйынтыгы төмөнкүчө:

Баардык мэриялардын 44,42 пайызын АК Партия, 30,7 пайызын Жумурият элдик партиясы, 7,46 пайызын Жакшы партия, 7,25 пайызын Улуттук кыймыл партиясы, 4,2 пайызын Элдердин демократиялык партиясы алды.

Берки партиялар болсо шаардык мэриялардын 6,60 пайызын жеңди.

Шаардык мэриялардын жалпысына караганда АК Партия 796, Жумурият элдик партиясы 246, Улуттук кыймыл партиясы 227, Элдердин демократиялык партиясы 69 жана Жакшы партия 21 мэрияда шайлоону жеңди.

Расмий болбогон көрсөткүчтөргө караганда үч чоң шаардагы жыйынтыктар төмөнкүчө;

СТАМБУЛ

Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сади Гүвен Стамбулдагы шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу билдирүүсүндө: «Мага келген жыйынтыктар боюнча «Миллет» өнөктөштүгүнүн (Жумурият элдик партиясы-Жакшы партия) талапкери Экрем Имамоглу 4 миллион 159 миң 650 добуш алды. «Жумхур» өнөктөштүгүнүн (Адилеттик жана өнүгүү партиясы-Улуттук кыймыл партиясы) талапкери Бинали Йылдырым 4 миллион 131 миң 761 добушка ээ болду. Булар системага киргизилген абалда. Даттануу жараяны уланып жатат. Ушул учурда 31 миң 102 үкөк саналып бүттү, 84 үкөк даттануулардын себебинен системага киргизиле элек»,- деп айтты.

АНКАРА

Жумхур өнөктөштүгү (Адилеттик жана өнүгүү партиясы-Улуттук кыймыл партиясы) % 47,20

Миллет өнөктөштүгү (Жумурият элдик партиясы-Жакшы партия) %50,62

ИЗМИР

Жумхур өнөктөштүгү (Адилеттик жана өнүгүү партиясы-Улуттук кыймыл партиясы) % 38,49

Миллет өнөктөштүгү (Жумурият элдик партиясы-Жакшы партия) %58,06



Тектеш кабарлар